ДССУ коронавирустун адамга кантип жукканы боюнча жаңы версиясын айтты

13 августа 2021 ДССУ коронавирустун адамга кантип жукканы боюнча жаңы версиясын айтты

Коронавирус алгачкы жолу адамга лабораторияда же талаадагы изилдөөлөр маалында жугушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости даниялык окумуштуу, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобунун жетекчиси Питер Эмбаректин изилдөөлөрүнө таянып жазды.

Илимпоздун айтымында, бул божомол гана.

"Лабораториянын кызматкери талаада үлгү алып жаткан учурда жугушу мүмкүн делген гипотеза бар. Дал ушул учурда вирус жарганаттан адамга өткөн. Мындай болгон учурда вирус лабораторияда жукту деп айтууга болот. Анткени илдетти фермер же башка карапайым адам эмес, лаборатория кызматкери жуктуруп жатат", — деди Эмбарек.

Анткен менен адис пандемиянын чыныгы себеби такталмайынча окумуштуулар аны издей берерин кошумчалады.

Буга чейин коронавирустун келип чыгышынын башкы версиясы катары жаныбардан адам баласына түз жуккан дегенге эксперттер "андай болушу да, болбошу да мүмкүн" деп жооп беришкен. ДССУнун миссиясы вирус тоңдурулган азык-түлүктөр аркылуу тараган деген пикирди көбүрөөк карманарын белгилеп келет.


sputnik