Жапаров акимдерге 60 млн. сомго унаа алуу боюнча тендерди жокко чыгарууну тапшырды

13 августа 2021 Жапаров акимдерге 60 млн. сомго унаа алуу боюнча тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров район акимдерине 60 миллион сомго автоунаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды", — деди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Эске салсак, президенттин иш башкармалыгы 11-августта республикалык бюджеттин эсебинен 60 миллион сомго 40 автоунаа сатып алууга тендер жарыялаган. Маалымат боюнча, автоунаалар райондордун акимдери үчүн кызматтык унаа болмок.


sputnik