Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

11 августа 2021 Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйылкы жылдын август-декабрь айларында Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын жеткирет. Бирок баасы канча болорун министрлик маалымдаган жок.

Электр жарыгын жеткирүү боюнча буга чейин эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов сүйлөшкөн. Товар Кыргызстанга Өзбекстан аркылуу алып келинери айтылууда.

Ошондой эле Түркмөнстандан жаратылыш газын алуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.


sputnik