Түркияда суу ташкындап, топон суу жолундагынын баарын агызууда. Видео

12 августа 2021 Түркияда суу ташкындап, топон суу жолундагынын баарын агызууда. Видео

Түркиянын Кара деңиз жээги тарабында суу ташкындап, адам өлүмү катталууда. Бул тууралуу Haberler жазды.

Сел Синов, Бартын, Карабүк жана Кимстамон аймактарын каптап, топон суу жолундагы нерсенин баарын агызып кетип жатканы айтылууда. Ал тургай автоунааларды агызып, имараттардын биринчи кабаттарын каптап жатат.

Бартын провинциясынын губернатору Синан Гюнердин айтымында, жергиликтүү тургундар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Ал аймакта ташкындаган суудан улам бир көпүрө талкаланып, натыйжада 3 киши жабыркаган.

Эске салсак, июль айынын аягында эле Түркиянын Анталья провинциясында токой өрттөнүп, эл жашаган райондорго жана шаардык кварталдарга өтүп кеткен. Беш калктуу пунктунун жашоочулары эвакуацияланып, 50дөн ашык киши жабыркаган. Өрт көптөгөн үйлөрдү жана отелдерди, транспорт каражаттарын, айыл чарба ишканаларын жана ондогон гектар токойду күлгө айланткан. Жергиликтүү бийлик тилсиз жоо менен бир нече күн алышкан болчу.

sputnik