Акжол Махмудов 2-сапка чыкты. Кыргыз балбандарынын дүйнөлүк рейтингдеги орду

12 августа 2021 Акжол Махмудов 2-сапка чыкты. Кыргыз балбандарынын дүйнөлүк рейтингдеги орду

Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов дүйнөдөгү балбандардын ичинен экинчи орунга чыкты. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайтындагы жаңыланган рейтингде жазылган.

Кыргызстандык балбан 77 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгат. Аталган рейтинг Олимпиада оюндарынан кийин жаңыланган. Мында биринчи орунду Махмудовдун финалдагы атаандашы венгриялык Тамаш Лёринц ээледи.

Грек-рим күрөшү боюнча Улуттук курама командадагы башка балбандардын алды алтынчы, арты 20-сапта турат.

55 килограмм

Нурмухаммет Абдуллаев — 9-орун.

60 килограмм

Жоламан Шаршенбеков — 13-орун.

63 килограмм

Урмат Аматов — 17-орун.

67-килограмм

Амантур Исмаилов — 20-орун.

72 килограмм

Руслан Царев — 10-орун.

77 килограмм

Акжол Махмудов — 2-орун;

Кайрат Түгөлбаев — 17-орун.

82 килограмм

Калидин Асыкеев — 6-орун.

87 килограмм

Атабек Азисбеков — 8-орун.

97 килограмм

Бексултан Махмудов — 18-орун.

130 килограмм

Мурат Рамонов — 19 орун.



sputnik