Унаа ичиндеги кыз ыргып кеткен. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынын сүрөтү

16 августа 2021 Унаа ичиндеги кыз ыргып кеткен. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынын сүрөтү

Алдын ала маалымат боюнча, каргаша бүгүн саат 18.00дө Бактуу-Долоноту айылында болгон. BMW менен Toyota кагышып, парапеттен ылдыйды көздөй кулап кетишкен.

"Машиналардын бири аңтарылып калган. Тез жардам кызматынын дарыгерлери үч жүргүнчүнү алып кетти", — деди Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, эки унаа кагышканда машинанын биринен жолго ыргып кеткен кыздын жаракаты олуттуу. Ушу тапта жабыркагандардын аты-жөнү такталып жатат.

sputnik