Садыр Жапаров мектепте ата-энелерден акча жыйноого каршы

13 августа 2021 Садыр Жапаров мектепте ата-энелерден акча жыйноого каршы

Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп окуучуларынын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине караманча каршы. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал мекеменин бул демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келерин белгилеген.

"Буга окшогон кошумча төлөм төлөө механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн түйшүк. Мамлекет башчы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин бир нече ирет белгилеп өткөн. Мектептерде ар кандай максаттарга, түрдүү шылтоолор менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керек. Мектептин өкүлдөрү тарабынан бул сыяктуу жасалган бардык аракеттер дароо билдирилип турушу зарыл", — деди Султанбаев.

Ошондой эле ал башталгыч жана жалпы орто билим алуу баарына бирдей жеткиликтүү болушун камсыз кылуу керектигин айткан.

sputnik