Казакстандын Кызылорда облусуна караштуу Арал районунда катуу ысыктан жана кургакчылыктан улам жайыттар куурап, мал кырылууда. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин киргизүү пландалып жатканын Sputnik Казакстан жазды.
18 июня 2021Ош шаарында 1-июлдан тарта үлпөт той, маараке сыяктуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
18 июня 2021Бул жолу арманын айткан келин кайненелер дагы адептүү болуп, каада сактаса экен деген пикирин билдирген.
18 июня 2021Кумтөр иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайыр Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
18 июня 2021Эгер суунун чыгымы азыркыдай көп болсо, анда 15-20-июлда Орто-Токой суу сактагычында суу калбай калат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
18 июня 2021Ак үйдүн айланасына кайрадан тосмо коюлуп курчалбайт. Болгону унаа токтотуучу жайы гана иретке келтирилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.
18 июня 2021Москвада такси агрегаторлоруна чет элдик айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочуларды ишке алууга тыюу салынды. Бул тууралуу Москва мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
18 июня 2021Нарындын Ат-Башы районунда 50 жаштагы киши 38 жаштагы келинин муунтуп өлтүрүп, андан кийин асынып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
18 июня 2021Голливуд жылдызы, атактуу актёр Жан-Клод Ван Даммдын уулу Кристофер Ван Варенберг азербайжандык пианиночу кыз Суаде Гаджизадеге үйлөндү. Бул тууралуу "Московский комсомолец" жазды.
18 июня 2021Будапешттеги стадиондо футбол жылдызы Криштиану Роналдуну тааныбай койгон күзөтчүнүн видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.
17 июня 2021COVID-19 акыркы учурда көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууга чектөө коюуну Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб сунуштады. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
17 июня 2021Австралиянын Виктория штатындагы Гиппсленд аймагында кудум үрөй учурган кинолордогудай көрүнүш болууда. Айлананын баарын тегиз желе каптап, ага кошумча жөргөмүштөрдүн жүргөнүн көрүүгө болот.
17 июня 2021Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөр ага байланыштуу болуп жаткан болсо, азыр кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.
17 июня 2021Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашев агрардык саясат жана суу ресурстары боюнча комитеттин жыйынында аз жерден мушташып кете жаздады.
17 июня 2021Сүрөттөн бир капчыкты тандап, каржы маселеси эмнеге жараларын билип алыңыз.
17 июня 2021Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна тогуз киши ат салышууда. Бул тууралуу Аалымдар кеңеши каттоо жана аттестациялоо комиссиясына таянып билдирди.
17 июня 2021Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги сабиз кымбаттап кеткенине байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
17 июня 2021Билдирмеге караганда, жуманын акыркы эки күнүндө аба ырайы бир калыпта болбойт. 19-июнда күндүн табы жогору болсо, жекшембиде катуу жаан жаашы ыктымал.
17 июня 2021Тергөөнүн маалыматы боюнча, 31-майда атасы 5 баштагы кызын алып Байкал районунун Покровка айылындагы бир тууган инисинин үйүнө чөп чапканы барат. Кечке маал чарчоо басты кылып ичишип, атасы кызын бир тууганынын үйүнө таштап келе берет.
16 июня 2021Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстанда эч кандай энергетикалык кризис жок деп билдирди. Ал журналисттерге маалымат берип жатып энергетиктер кадимки режимде иштеп жаткандыгын айтты.
16 июня 2021Маалыматка караганда, акыркы бир суткада эле коронавирус жана пневмония менен жабыркаган 257 адам аныкталган.
16 июня 2021Маңдайкы бөлмөдө төртүнчү курстун кыздары турушчу. Алар институтту бүтүргөндөрүн тойлоп жатышты. “Каалоо-тилек айтасыңар” деп бизди болбой бөлмөсүнө алып кетишти. Алардын бөлмөсүндө бейтааныш үч жигит отуруптур. Жигиттер такыр ичпеген мени кыстап ичирип салышты.
16 июня 2021Электр энергиясынын калк үчүн сунушталган тарифин жыл сайын көтөрүп туруу пландалууда. Бул туурасында министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорунда айтылган.
16 июня 2021Мындай "саякат" жырткычтар үчүн кайгылуу аякташы мүмкүн, себеби аларды катуу чыңалуудагы электр тогу урбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Зым карагайларга чыгып кеткен аюу туурасында "National Geographic Россия" сайтына маалымат чыкты.
16 июня 2021Жерине барган куткаруучулар саат 16:58де шахтада калып калган 46 жана 44 жаштагы кишилердин сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.
16 июня 2021Эске салсак, учурда калк үчүн бир киловатт саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. Ал эми кымбаттагандан кийин ( өзгөчө шарт менен каралгандарды албаганда бардык абоненттер үчүн 700 киловатт саат) 2,16 сом болуп калмакчы.
16 июня 2021Андан соң ал Ала-Арча дарыясынын башкы суу бөлүштүрүүчү жайын көрсөттү. Мында суунун 60 пайызы Сокулук, 40 пайызы Аламүдүн районуна берилет.
15 июня 2021Жакында эле УКМК Жогорку Кеңештин депутаты З. Т. З. жасалма диплом алган деп шектелип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, ал 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин үчүнчү курсунан окуудан чыгарылган.
15 июня 2021Маалыматка караганда, шаар жетекчисинин А.У.Ш. аттуу мурдагы орун басары жеке курулуш компанияларга элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.
15 июня 2021Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы байкалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
15 июня 2021Автоунаа айдаганда кайсы дарыларды ичпеш керектигин Россиядагы автоунаа ээлеринин укугун коргоо боюнча комитеттин жетекчилеринин бири Александр Холодов айтып берди.
15 июня 2021"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы Ош шаарынан кайсы мамлекеттерге учуп кетсе болорун айтып, каттамдардын тизмесин жарыялады.
15 июня 2021Күнүнө алты сааттан аз уктаган адам рак ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Өзгөчө түнкү уйкудон калгандар үчүн кооптуу экендигин түрк дарыгери Нежат Алтынташ Cumhuriyet басылмасына билдирген.
15 июня 2021"Жабыркагандардын арасында ар кандай деңгээлдеги күйүк алган Кыргызстандын үч жараны бар экендиги аныкталган. Ошол замат Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө барышты", — деп айтылат билдирүүдө.
15 июня 2021