Бул жолу арманын айткан келин кайненелер дагы адептүү болуп, каада сактаса экен деген пикирин билдирген.
“Мен күйөөмдүн экинчи аялымын. Тагыраак айтканда, Канат мурун үйлөнүп ажырашкан. Келинчеги энеси менен тил табыша албай, 6 айдан кийин ажырашып кеткен экен. Мыйзамдуу никеге да турушпаптыр, ортосунда бала да жок. Анан мени жактырып, артымдан калбай жүргөндүктөн, Канатка турмушка чыгууга макул болдум.
Энем уулун кызганбайт. Күйөөм экөөбүздүн ортобузга от салбайт. Тамак жасаганын да милдет кылбайт. Ачуусу бат тараган ак көңүл адам. Анда неге күйөөмдүн биринчи аялы энемдин көңүлүн таба алган эмес деп ойлочумун. Менимче, ал энемдин жаман адатына көнө алган эмес.
Ооба, кайненемдин бир жаман адаты бар. Ал биздин уктай турган бөлмөгө каалаган учурда кире берет. Эшикти тыкылдатып, уруксат сурап кирүү деген жок. Таң эртең бизден мурун туруп алып, биздин үстүбүзгө бастырып кирип, терезени ачып, желдете баштайт. Башында эч нерсе дечү эмесмин. Бирок, кээде үстүбүз ачылып калат, кээде күйөөмдүн каалоосу ойгонуп, эми кучактаганда кирип келет. Бир нече жолу ыңгайсыз абалда калган жайыбыз да бар. Өз бөлмөбүздө уурулук кылып жаткандай, эшикти алаңдап караганыбыз караган. Келин барган үйүндө ээн-эркин боло алган жери – уктай турган бөлмөсү эмеспи.
Өз апама айтсам, ал: “Ар адам ар түрдүү. Мүнөзү ошондой. Унчукпа” деди. Бирок, унчукпаган сайын, энем эркиндикти сезип кетти. Мен бир жакка чыксам, шкафты аңтарып чыга турган болду.
Башында билбей жүрдүм. Бир күнү айылдагы туугандардын келини конокко келди. Ошондо берерге эч нерсе таппай, биздин бөлмөгө чуркап кирди да, жеңем белекке берген сүлгүнү көтөрүп чыкты. Менин оозум ачылып эле калды. Конок кеткенден кийин: “Менин сүлгүм эле го, неге менден сураган жоксуз” дедим. “Ой, али колуң тие элек 5-6 сүлгүң турат го, анын баарын не кыласың?” деп андан бетер жинимди келтирди. Менде канча сүлгү бар экенин кайдан билет?
Кайненем менин кийимдеримди, шкафымды карап чыга турганын жашырган жок. Жада калса абысыны кудаларын күткөндө менин тоюмда алып келген жоолуктардын баарын “кошумчам” деп алып барып бергенин айтканда, не деримди да билбей калдым. “Баары бир сен көчөдө жоолук саланып жүрбөйсүң. Үйгө бир жоолук деле жетет” деп чыгып кетти. Өз катасын билбеген адамга канча айтсаң да баары бир экен.
Чыдамым чегине жетти. Унчуккан жокмун. Бирок, кайненем үйдө жок учурда бөлмөбүзгө кулпу салдырып койдум. Жумушка кетерде бекитип кетип калдым. Кечинде мени заары менен тосуп алды. “Бөлмөнү кулпулап, атаң экөөбүздү жоо санайсыңбы?” деп жок жерден уруш чыгарды. Эртеси иштен келсем, бөлмөнүн эшигин ачып алыптыр, анысына курсант болуп отурат. Мен да жөн турбай: “Эшиктин кулпун ким бузду?” дедим. Энем: “Мен. Не урасыңбы, сотко бересиңби?” деп мыйыгынан күлдү.
Ошондон кийин төркүнүмө кетип калдым. Бош бойлуумун. Артымдан келген күйөөмө мындан ары ал үйдө тура албайт экенимди айттым. Арзан батир таап, бөлөк чыгып кеттик.
Эми кайненем дем алыш күндөрү бизге ысык токочун көтөрүп келип калат, анысына раазымын. Бирок, баягы жоругун койгон жок. Мен жокто келип алып, дагы деле болбогон буюмдарыбызды тыта берет. Жөн эле карап койсо мейли, эгер жаңы жоолук, сүлгү, мата көрсө баарын, байпакка чейин көтөрүп кетет. Бөлөк турсак да тынчыбызды алганы алган. Кулпу салып койсоң, бузуп салат. Анысы үчүн уялбайт дагы.
Бир эле менин энем ушундайбы? Элде мындай энелер барбы? Эгер келин ушундай кылса, “адепсиз, тарбия көрбөгөн болот”. А энелерчи? Аларга да тарбия керек деп ойлойм...”