Путиндин өкүлү Козак Бишкекке келип, Жапаровдун кабыл алуусунда болду

21 июня 2021 Путиндин өкүлү Козак Бишкекке келип, Жапаровдун кабыл алуусунда болду

Өлкө башчы Садыр Жапаров Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

"Ошондой эле Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралар, анын ичинде Кыргызстанга Россия вакцинасын жеткирүү маселеси каралды.


sputnik