COVID бир саатта эле күчөп, инфарктка жеткирүүдө. Адистин түшүндүрмөсү

21 июня 2021 COVID бир саатта эле күчөп, инфарктка жеткирүүдө. Адистин түшүндүрмөсү

Коронавирус инфекциясы улам агрессивдүү болуп жана ооруну алдын ала болжолдоого мүмкүнчүлүк бербей бара жатат. Бул туурасында РИА Новости дарыгер Светлана Малиновскаяга таянып жазды.

"Бул күндөрү бир саат ичинде эле адамдын канында кандай өзгөрүү болуп кетип жатканын көрүп жатабыз. Тромбоциттер ушунчалык тездик менен көбөйүп, кишинин кан тамырларында тромбоз дароо пайда болуп, инфарктка кабылып жатышат", — деген инфекционист.

Анын айтымына караганда, мурдагы алгоритм жарабай калып жаткандыктан, жаңы түшкөн бейтаптарды дарылоо схемасын улам алмаштырып жана кырдаалга жараша иш кылганга туура келүүдө.

Дарыгер вакцина мутация болгон штаммдарга, анын ичинен "Индия" штаммына каршы майнаптуу эле экендигин белгиледи. Ал SARS-CoV-2ни кебетесин пластикалык операция менен өзгөртүп алган кылмышкерге салыштырып, "бирок манжаларынын издери ошол боюнча эле калган адам сыяктуу" деп кошумчалады.


sputnik