Будапешттеги стадиондо футбол жылдызы Криштиану Роналдуну тааныбай койгон күзөтчүнүн видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.
17 июня 2021COVID-19 акыркы учурда көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууга чектөө коюуну Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб сунуштады. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
17 июня 2021Австралиянын Виктория штатындагы Гиппсленд аймагында кудум үрөй учурган кинолордогудай көрүнүш болууда. Айлананын баарын тегиз желе каптап, ага кошумча жөргөмүштөрдүн жүргөнүн көрүүгө болот.
17 июня 2021Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөр ага байланыштуу болуп жаткан болсо, азыр кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.
17 июня 2021Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашев агрардык саясат жана суу ресурстары боюнча комитеттин жыйынында аз жерден мушташып кете жаздады.
17 июня 2021Сүрөттөн бир капчыкты тандап, каржы маселеси эмнеге жараларын билип алыңыз.
17 июня 2021Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна тогуз киши ат салышууда. Бул тууралуу Аалымдар кеңеши каттоо жана аттестациялоо комиссиясына таянып билдирди.
17 июня 2021Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги сабиз кымбаттап кеткенине байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
17 июня 2021Билдирмеге караганда, жуманын акыркы эки күнүндө аба ырайы бир калыпта болбойт. 19-июнда күндүн табы жогору болсо, жекшембиде катуу жаан жаашы ыктымал.
17 июня 2021Тергөөнүн маалыматы боюнча, 31-майда атасы 5 баштагы кызын алып Байкал районунун Покровка айылындагы бир тууган инисинин үйүнө чөп чапканы барат. Кечке маал чарчоо басты кылып ичишип, атасы кызын бир тууганынын үйүнө таштап келе берет.
16 июня 2021Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстанда эч кандай энергетикалык кризис жок деп билдирди. Ал журналисттерге маалымат берип жатып энергетиктер кадимки режимде иштеп жаткандыгын айтты.
16 июня 2021Маалыматка караганда, акыркы бир суткада эле коронавирус жана пневмония менен жабыркаган 257 адам аныкталган.
16 июня 2021Маңдайкы бөлмөдө төртүнчү курстун кыздары турушчу. Алар институтту бүтүргөндөрүн тойлоп жатышты. “Каалоо-тилек айтасыңар” деп бизди болбой бөлмөсүнө алып кетишти. Алардын бөлмөсүндө бейтааныш үч жигит отуруптур. Жигиттер такыр ичпеген мени кыстап ичирип салышты.
16 июня 2021Электр энергиясынын калк үчүн сунушталган тарифин жыл сайын көтөрүп туруу пландалууда. Бул туурасында министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорунда айтылган.
16 июня 2021Мындай "саякат" жырткычтар үчүн кайгылуу аякташы мүмкүн, себеби аларды катуу чыңалуудагы электр тогу урбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Зым карагайларга чыгып кеткен аюу туурасында "National Geographic Россия" сайтына маалымат чыкты.
16 июня 2021Жерине барган куткаруучулар саат 16:58де шахтада калып калган 46 жана 44 жаштагы кишилердин сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.
16 июня 2021Эске салсак, учурда калк үчүн бир киловатт саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. Ал эми кымбаттагандан кийин ( өзгөчө шарт менен каралгандарды албаганда бардык абоненттер үчүн 700 киловатт саат) 2,16 сом болуп калмакчы.
16 июня 2021Андан соң ал Ала-Арча дарыясынын башкы суу бөлүштүрүүчү жайын көрсөттү. Мында суунун 60 пайызы Сокулук, 40 пайызы Аламүдүн районуна берилет.
15 июня 2021Жакында эле УКМК Жогорку Кеңештин депутаты З. Т. З. жасалма диплом алган деп шектелип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, ал 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин үчүнчү курсунан окуудан чыгарылган.
15 июня 2021Маалыматка караганда, шаар жетекчисинин А.У.Ш. аттуу мурдагы орун басары жеке курулуш компанияларга элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.
15 июня 2021Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы байкалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
15 июня 2021Автоунаа айдаганда кайсы дарыларды ичпеш керектигин Россиядагы автоунаа ээлеринин укугун коргоо боюнча комитеттин жетекчилеринин бири Александр Холодов айтып берди.
15 июня 2021"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы Ош шаарынан кайсы мамлекеттерге учуп кетсе болорун айтып, каттамдардын тизмесин жарыялады.
15 июня 2021Күнүнө алты сааттан аз уктаган адам рак ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Өзгөчө түнкү уйкудон калгандар үчүн кооптуу экендигин түрк дарыгери Нежат Алтынташ Cumhuriyet басылмасына билдирген.
15 июня 2021"Жабыркагандардын арасында ар кандай деңгээлдеги күйүк алган Кыргызстандын үч жараны бар экендиги аныкталган. Ошол замат Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө барышты", — деп айтылат билдирүүдө.
15 июня 2021Кытайлык аял кирпигин 20,5 сантиметрге чейин өстүрүп, дүйнөдөгү эң узун кирпиктин ээси аталып, рекорд жаңыртты.
15 июня 2021Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандашын 3:0 эсеби менен утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
15 июня 2021Кадимки эле уйку мээни керексиз маалыматтардан тазалап, сергитет. Бул тууралуу РИА Новости дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясниковдун айткандарына таянып жазды.
15 июня 2021Жалал-Абадда соңку аптада коронавирус жана пневмонияга кабылгандардын саны өсүп, облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмү бейтаптарга толду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
15 июня 2021Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Япониянын спортчулары менен мелдешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
15 июня 2021Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
15 июня 2021Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги түнкү клубдар менен соода борборлорун жабууну сунуштады. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
15 июня 2021Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
15 июня 202112-июнда Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди.
14 июня 2021