Тест: Кандай түстөгү капчык акчаны магниттей тартат?

17 июня 2021 Тест: Кандай түстөгү капчык акчаны магниттей тартат?

Сүрөттөн бир капчыкты тандап, каржы маселеси эмнеге жараларын билип алыңыз.

Акчага баарын сатып алууга болот! Бул сөзгө кээ бирлер кошулбаганы менен, көп жерде мойнуна алууга туура келет. Анткени, чынында акча – энергия, тилсиз болгону менен көп маселени чечет.

Сиз күчүңүз менен убактыңызды акчага алмаштырасыз. Бир күн, бир ай бою күчүңүздү, саатыңызды жумшап, тапкан эмгек акыңызды кандай капчыкка салып жүрөсүз? Капчыгыңыздын түсү, дизайны ж.б. сүрөттөрдүн кайсынысына окшойт? Болбосо кайсы капчык жакты?

1-капчык

Кызыл түстүүсү аялдар арасында эң көп суроо-талапка ээ. Эгер сиздин да капчыгыңыз кызыл түстүү болсо, акча жыйнаганды билбейсиз. Акча сизге оңой келгендиктен, анын кадырын билбейбиз. Ошондуктан, келген акча капчыгыңызда турбайт. Сиз депозит ачып, акча жыйнаганды үйрөнүшүңүз керек, ошондо оңго-солго чачканды токтотосуз. Эзотериктер муну капчыктын түсүнө гана эмес, адамдын мүнөзүнө да байланыштырат. Эгер кызуу кандуу болсоңуз, кызыл түстүү капчыктан акча тез эле “күйүп” кетет. Темпераменттүү адамдарга күрөң, алтын түстүү каптык көтөрүү сунушталат.

2-капчык

Күрөң же булгаары капчыктар акчаны магнит сыяктуу тартат. Мындай капчыктын ээси акчаны урматтайт, аны сарамжалдуу сарптайт. Адистердин айтымында, күрөң капчыкка акча жана банк карталарынан башка эч нерсе (паспорт, чек, сүрөт) салбоо керек. Алар акчанын күчүн “жеп” салышат. Ушуну эстен чыгарбасаңыз, каржылык күчүңүз жогорулайт.

3-капчык

Кара түс – классикалык жана элеганттуу болгондуктан, мындай капчыкка кызыккандар көп. Мындай капчыктын ээсинин каржылык күчү чоң болбосо да, ал акчасыз жүрбөйт. Адистердин айтымында, кара капчык эч качан бош калбайт. Акча акчаны тартышы үчүн капчыгыңыздын түбүндө тыйын болсо да жүрүү керек. Ошондой эле, кара капчыктын ичиндеги купюранын сүрөтү милдеттүү түрдө ээсин карап турушу керек.

4-капчык

Жашыл – өсүмдүктүн түсү, ошондуктан мындай капчыктагы акча бат өсөт. Эгер ишенбесеңиз, капчыгыңызды жашыл түстүүсүнө алмыштырып көрүңүз. Муну жашыл капчыктын ээлери тастыкташса керек. Жашыл капчыктын ээлеринде акча тартыштыгы жок. Бирок, карыз алуу ийгиликтин күчүн азайтарын унутпаш керек.

5-капчык

Адистер көк түстүү капчыктын энергиясы сакталып турушу үчүн ага жалбыздын же жүзүмдүн жалбырагын кургатып салып коюуну сунушташат. Анткени, көк түс суунун түсү болгондуктан, акча тез иштетилип кетет. Эгер сиз март, берешен адам болсоңуз, көк түстүү капчык сиз үчүн эмес.

6-капчык

Алтын түстүү капчык – акчанын эң жакшы көргөн түсү. Мындай капчыктын ээси акчаны кайдан табам деп баш оорутпайт. Анын акча маселеси тез чечилет. Адатта алтын түстүү капчыкта чоң банкноттор жүрөт. Болгону аларды бүктөп салууга болбойт.