Роналдуну тааныбай документин текшерген күзөтчү. Будапешттин стадионундагы видео

17 июня 2021 Роналдуну тааныбай документин текшерген күзөтчү. Будапешттин стадионундагы видео

Будапешттеги стадиондо футбол жылдызы Криштиану Роналдуну тааныбай койгон күзөтчүнүн видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.

Роликти ESPN каналы да жарыялаган. Окуя Евро-2021де Португалия менен Венгриянын беттеши алдында болгону айтылды.

ВИДЕО

​Кийим которгон жайга бараткан Португалия курама командасынын чабуулчусун стюарддардын бири токтотуп, документтерин сураган.

Видеодон күзөтчү футболчунун документтерин карап, баары дал келгенине ынангандан кийин гана кое бергени көрүнүп турат.

Роликтин алдындагы комментарийлерде атактуу футболчу тагынып жүргөн бет кабынан улам да таанылбай калганын айткандар болууда.

sputnik