“Кызымдын атасы ким экенин билбеймин”: Санаага баткан аялдын өкүнүчү

16 июня 2021 “Кызымдын атасы ким экенин билбеймин”: Санаага баткан аялдын өкүнүчү

Үчүнчү курсту аяктап, экзамендерди тапшырып бүткөндөн кийин, жатаканадагы кыздар отуруш уюштурдук. Ал убакта кафе да аз, ага бара турган акчабыз деле жок болгондуктан, бардык отуруштар, туулган күндөр жатаканада өтө турган. Бөлмөбүздүн кийинекей столун жайнатып коюп, он чакты студент төртүнчү курс болгонубузду жуудук. Башка бөлмөлөрдө да жууп жатышты. Ошол күнү жатаканада башка интитуттун балдары көп жүргөн эле. Кыздар да, жигиттер да мас, көңүлдүү.

Маңдайкы бөлмөдө төртүнчү курстун кыздары турушчу. Алар институтту бүтүргөндөрүн тойлоп жатышты. “Каалоо-тилек айтасыңар” деп бизди болбой бөлмөсүнө алып кетишти. Алардын бөлмөсүндө бейтааныш үч жигит отуруптур. Жигиттер такыр ичпеген мени кыстап ичирип салышты.

Биринчи жолу ичкендиктенби, аз убакыттан кийин эле бутумду сезбей, тилим күрмөөгө келбей калды. Көңүлүм айланып, кускум келип, бөлмөдөн араң чыктым. Араң өзүбүздүн бөлмөгө жеттим. Төшөгүмө жаткандан кийин, кирип чыккандарга сүйлөөгө алым келбейт. Бир убакта эле бир кыз-жигит кирип, жарыкты жакпай өбүшө кетишти. Алардын үстүнө бирөө кирип Розаны сурап жатканы эсимде, кийин уктап кетиптирмин.

Көзүмдүн оту жарк эле дей түшкөндө ойгонуп кеттим. Бөлмөнүн ичи караңгы. Эңгезерден бир жигит үстүмө чыгып алып, жулмадап жатыптыр. Менин кыйкырганга алым жок. Тиги ишин бүтүрүп бөлмөдөн чыгып кетти. Ордумдан тура албайм, оозум кургап суусап жаттым.

Түш көрүп жаткандай эле болдум. Эртең менен төшөгүмдөн канды көргөндө түш эмес экенин билдим. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай отурганда, бөлмөгө Роза менен Таалайгүл кирип келди. Бири таңга чейин төртүнчү курстун балдары менен гитара ойноп, ырдап отуруптур, экинчиси коңшу бөлмөдө уктап калыптыр. Ал эми мен түндө зордукталганымды жашырып койдум.

Ошону менен каникулга тарап кеттик. Сентябрда келгенде менин үч айлык боюмда бар эле. Граппалаштарыма жайында ала качып кетип, бир аз жашып ажырашып кеттим деп айтып койдум. Ата-энеме жигитим жаштап кетти деп айттым. Алар “Эмне кылсаң да, эми үйгө келбе, шаарда жүрө бер” деп мени айылга келбе дешти. Мен көз жарып кыздуу болдум, группалаштарымдын жардамы менен диплом алдым.

Өмүрүмдү кызыма арнап, аны жалгыз чоңойттум. Азыр кызым 16 жашта. Ушул убакытка чейин балким атасы мага сырттан көз салып жүргөндүр деп күттүм. Анын кандай адам экенин билүү үчүн көзү ачыктарга да бардым. Бирок, майнап чыккан жок. Кызымдын атасы ким экенин дагы деле билбейм.

Кыйынчылыктын баары артта калды. Ата-энем, туугандарым менен катышып турам. Азыр эми ошондо эмне болгонун жашырбай айтсам, көптөр ишенбейт. Ошондо спирт ичимдигин ичкен боюнча башка ичкен жокмун. Эркек аттууга да жологон жокмун. Уктап жатканда “болгондуктан”, жүргүмдүн түбүндө эркекке деген чоң коркунуч калган. Өкүнүчтүүсү менин ушул сөзүмө эч ким ишенбейт. Тескерисинче, шаарда мени менен болбогон эркек жоктой мамиле кылышат.

Жаңы көйнөк сатып алсам да, эс алганы бир жакка барсам да курбуларым, “унчукпай жүрүп көп ишти бүтүрөсүң да” деп шыпшынып калышат. Кызым экөөбүздү камсыздаганга акчам жетет да. Жакында эле ипотекага үй алсам, “Ким алып берди, биз тааныйбызбы?” деп дагы айламды кетиришти. Акыркы кездери актанбай да калдым.

... Ошол күнү чамама карап ичкеде, жо-жок такыр эле ичпей койгондо, азыр өмүрүм такыр башкача болмок эле го... Баарынан да кызымын атасы ким экенин өмүр бою билбегеним өкүндүрөт...