Кээ бир жерге кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы

17 июня 2021 Кээ бир жерге кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Билдирмеге караганда, жуманын акыркы эки күнүндө аба ырайы бир калыпта болбойт. 19-июнда күндүн табы жогору болсо, жекшембиде катуу жаан жаашы ыктымал.

19-июнда Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан жаабайт, ал эми күндүз айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн. Нарын менен Ысык-Көлдө 19-июнь, ишемби күнү, жаан себелеши ыктымал. Бул күнү Нарын менен Ысык-Көлдөн башка облус, шаарларда абанын температурасы 30 градустан ашып, ысык боло турганы белгиленди.

20-июнда өлкөнүн бардык аймактарында жаан жаашы күтүлүүдө. Тоолуу аймактарга кар жаап, кээ бир жерлерге катуу жаан жаашы ыктымал экени айтылды.

Бишкек шаарында 19-июнда жана 20-июнь түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күрүрөшү ыктымал.


sputnik