Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга чакырды

15 июня 2021 Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга чакырды

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.

“Президент Сауд Аравиясы менен эки өлкөнүн бир тууган элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты. Аны менен катар Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи. Эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды”, — деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилегени айтылат.


sputnik