Аз уктоо эркектерди тукумсуздукка алып келет

15 июня 2021 Аз уктоо эркектерди тукумсуздукка алып келет

Күнүнө алты сааттан аз уктаган адам рак ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Өзгөчө түнкү уйкудон калгандар үчүн кооптуу экендигин түрк дарыгери Нежат Алтынташ Cumhuriyet басылмасына билдирген.

Дарыгердин айтымында, адам күнүнө 6 саатан көп убактысын уйкуга арноого тийиш. Андан аз уктаган адамдын гормон бөлүү системасы бузулуп, түрдүү өнөкөт оорулар пайда болот.

"Адам уктаганда атайын бөлүнө турган гормондор бар. Алардын бири - өсүү гормону. Эгер балады өсүү гормону жетишпесе, ден соолугу жаш кезинен эле начарлап кетет. Ал эми бой жеткен учурда семиздикке алып келет", - деп түшүндүргөн дарыгер.

Ошондой эле, аз уктаган эркектерде тестостерон гормону азайып кетет. Мындан улам, тукумсуздукка чалдыгышы мүмкүн. уйкусуздук адамды тез картайтып, Альцгермер оорусунун эрте пайда болушуна алып келет.