Планшет үчүн 5 жаштагы карындашынын манжаларын балталаган эргул

16 июня 2021 Планшет үчүн 5 жаштагы карындашынын манжаларын балталаган эргул

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 31-майда атасы 5 баштагы кызын алып Байкал районунун Покровка айылындагы бир тууган инисинин үйүнө чөп чапканы барат. Кечке маал чарчоо басты кылып ичишип, атасы кызын бир тууганынын үйүнө таштап келе берет. 

Кызды ойноп турсун деп агасы планшет берип коёт, аны кыз байкабай кулап кетип, сындырып алат. Агасы ачууланып, кыздын колун тактайга коюп, балта менен эки манжасын чаап салат. Андан кийин кызды ата-энесинин үйүнө алып келип, короосуна таштап кетип калат. Ата-энеси колу канга боёлуп, ыйлап жаткан кызын көрүп, тез жардам чакырышат. Дарыгерлер манжалардын бирин тигип, сактап калышкан.

Учурда эркек кишиге Россиянын Жылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка атайылап орточо зыян келтирүү" беренеси боюнча иш козголуп, кылмыш иши сотко жөнөлдү.