Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду

16 июня 2021 Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду

Жалал-Абаддын Сузак районунда шахта урап, эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Окуя кечээ 14:30дар чамасында Маркай айылынын Өрүктү тилкесинде болгон.

Жерине барган куткаруучулар саат 16:58де шахтада калып калган 46 жана 44 жаштагы кишилердин сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.


sputnik