УКМК: Абхазиядан унааларды мыйзамсыз ташуу схемасы аныкталды

15 июня 2021 УКМК: Абхазиядан унааларды мыйзамсыз ташуу схемасы аныкталды

Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Экономикалык контрабанда") каралган кылмыш белгилери боюнча иликтөө жүргүзүлгөн.

"9-июнь күнү "Чалдыбар" өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Volvo унаасы менен жүргүнчү ташыган сегиз автоунааны ташып келе жаткан Кыргызстандын И.Т.К. аттуу жараны кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылган:

  • Абхазиянын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;
  • Абхазиянын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;
  • Армениянын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;
  • Армениянын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;
  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын мамлекеттик жасалма бир номери.

Жүк ташуучу унаа сегиз автоунаасы менен айып короого киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБдеги Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, бажы жол-жобосун сактабастан Абхазиядан алып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат.

Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек. Андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.


sputnik