Муфтийликке 9 киши ат салышууда. Талапкерлердин тизмеси

17 июня 2021 Муфтийликке 9 киши ат салышууда. Талапкерлердин тизмеси

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна тогуз киши ат салышууда. Бул тууралуу Аалымдар кеңеши каттоо жана аттестациялоо комиссиясына таянып билдирди.

Муфтийликке талапкерлерди сынактан өткөрүү 24-июнда, ал эми шайлоо 26-июнда өтмөкчү.

Тандоо турунан өткөндөр:

  1. Нурбек Токтогулов;
  2. Султанали Гапуров;
  3. Шүкүр Исмаилов;
  4. Нематилла Жээнбеков;
  5. Ниязали Арипов;
  6. Убайдулла Сарыбаев;
  7. Шакир Маматов;
  8. Сайдамир Джейналиев;
  9. Замир Ракиев. 

Белгилей кетсек, муфтий 5-апрелде эле шайланмак. Бирок кысым көрсөтүү жана коркутуулардан улам 29-майга жылдырылган. Бирок анда муфтият шайлоо өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу июндун этегине жылганын билдирип, талапкерлерди кайрадан сынактан өткөрмөй болушкан.


sputnik