Ошто киши өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы балдар кармалды

21 июня 2021 Ошто киши өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы балдар кармалды

Ош шаарында 24 жаштагы бала мушташтын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 20-июнь күнү, саат 06:20 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери такси аркылуу 20-25 жаштар чамасындагы кишинин сөөгү жеткирилгендигин кабарлаган.

Факт Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анын жүрүшүндө каза болгон киши 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран экени аныкталды.

Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, кийимдериндеги тактарды аныктоо үчүн соттук-биологиялык экспертиза дайындалган. Өлүктү текшере келгенде жаракаты бар экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1999-жылы туулган Э.Ы., Г.Э. жана А.Э. аттуу тургундары кармалды.

Э.Ы. өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө  эч бир себепсиз сөздөн-сөз чыгып А.А. менен уруша кеткенин айткан. Ошондой эле аны бетке бир урганда өзүн жоготуп жатып калганын, жасалма дем алдырып, бетине суу чачып, жардам көрсөтүп акырында такси аркылуу ооруканага жибергенин кошумчалаган.

Кармалгандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө улантылып жатат.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдиргендей, маркум УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын кызматкери болгон.


sputnik