Аалымдар кеңешинин VII чакырылышына 61 талапкер ат салышууда

21 июня 2021 Аалымдар кеңешинин VII чакырылышына 61 талапкер ат салышууда

Бүгүн, 21-июнда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 61 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, талапкерлер тавсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда китептери боюнча сыналып жатышат.

"Сынактын биринчи бөлүгү жазуу түрүндө өткөрүлүүдө. Андан ийгиликтүү өткөн талапкерлер эртең, 22-июнда, баарлашууга чакырылат", — дешти муфтияттан.

Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешине 21 адам мүчө боло алат.


sputnik