COVID жуктургандар кайда кайрылат. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар

21 июня 2021 COVID жуктургандар кайда кайрылат. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин кайсы ооруканасында канча бош орун бар экендиги тууралуу маалымат берди.

21-июнь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 10 ооруканада 195 орун бош. Алар:

  • №2 клиникалык төрөт үйү — 1;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 14;
  • №6 клиникалык оорукана — 9;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 15;
  • Чүй облустук бириктирилген ооруканасы — 17;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 20;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 79;
  • Улуттук госпиталь: урология боюнча корпус — 18;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 2;
  • Республикалык наркология борбору — 21.

Ал эми Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы, Улуттук хирургия жана Улуттук фтизиатрия борборлору толуп, бош орун калбай калганы айтылды.

Өткөн суткада өлкөдө 585 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап каза тапты.


sputnik