Үй алам деп сүйүнүп отургам… Студенттерден пара алган аялдын видеосу жарыяланды

21 июня 2021 Үй алам деп сүйүнүп отургам… Студенттерден пара алган аялдын видеосу жарыяланды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын кызматкерлери студенттерден пара алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришип, жашыруун тартылган видеону жарыялады.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча ("Пара алуу") сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экени аныкталган. Кадрдан аял ар бир студенттен 100 доллардан алса 60 миң доллар таап, үй аларын айтып жатканын угууга болот.

ВИДЕО

"Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алган схема түзүп алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

sputnik