Москвада такси агрегаторлоруна чет элдик айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочуларды ишке алууга тыюу салынды. Бул тууралуу Москва мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындай талапты Москва административдик жол инспекциясы (МАДИ) койгон.
"Быйыл МАДИнин инспекторлору чет элдик айдоочулук күбөлүк менен жүргөн 1,7 миң айдоочуну каттоого алышкан. Алар үч жылга жетпеген тажрыйбасы менен ири сервистерден заказ алып турушкан. Бул учурдагы мыйзамдарды бузууга жатат", — дешти МАДИден.
Мыйзам бузгандарга айып салынып, агрегаторлорго көйгөйдү жоюу талабы коюлган.
Мындан ары такси кызматында россиялык же кыргызстандык айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө болот. Андан сырткары, орус тили расмий тил катары эсептелген мамлекеттердин жарандарына дагы таксист болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген. Айдоочулук тажрыйба үч жылдан кем болбошу керек.