Жыныстык катнаш менен “айла жоктон” алектенүү кооптуу

22 июня 2021 Жыныстык катнаш менен “айла жоктон” алектенүү кооптуу

Чынын айтканда, каалоосу жок жанды төшөктө мажбурлоонун аягы эмнеге алып барат? Муну билип алуу маанилүү. Төшөк кумарына айла жоктун көнүп жүргөндөр үчүн бул макала пайдалуу болот деген үмүттөбүз.

Рахат албайт

Кумарлануу, дененин каалоосу сыяктуу механизмдер ишке кошулбаса, жыныстык катнаштын мааниси болбойт. Ооба, жыныс мөчөлөрүн атайын дүүлүктүрүүчү майларды (лубриканттарды) колдонууга болот, бирок көңүл отун кантесиз? Кучагыңыздагы адам “алма жеп” жата берсе, өзүңүзгө деле ыңгайсыз болсо керек? Андай жыныстык катнашты экинчи ирет өзүңүз деле каалабасаңыз керек.

Күч-кубатыңыз эки эсе кемийт

Бири-биринен рахат алып, төшөктө кубаттап тургандар – жыныстык катнаштын нагыз рахатын сезгендер. Аларды карап “жыныстык катнаш кубат бериптир” билүүгө болот. Ал эми аргасыздан болгон жыныстык катнаштан адамдын энергиясы эки эсе кемийт, катуу чарчап, көңүлү эч нерсеге келбей калат. Өзүн жөн эле жүргөн адам катары сезип, көңүлү чөгүп, алсырай түшөт.

Тобокелдикке баруунун кажети жок

Эгер жыныс мүчөлөрүндө проблема болсо, анда каалоосуз, айла жоктон кошулуунун аягы кооптуу. Эркинен тышкары, өзүн зордоп “менин милдетим да” дегендер баарынан мурун сактанууну унутат. Ден соолугуна терс таасир этип, ага кошумча боюна бүтүп да калышы мүмкүн. Бул проблемага проблема кошот. Сактанбай кошулган жыныстык катнаштын аягы көп учурда көйгөйлөргө алып келет.

Бакыт гормону кемийт

Бири-бирин каалап кошулгандарда “иш” бүткөн соң көңүлү куунак, сергек болот. Бул каалоо менен ишке ашкан жыныстык катнаштын таасири. Бирок, “төшөк катнашы” бактылуу кылат деп каалоосуз, айла жоктон кошулуу терс таасир берет. Анткени, бул оор жумушка барабар. Денеге эле эмес, маанайга да таасирин тийгизет. Бырыш түшүү, эрте картаюу, стресс – булардын бир себеби каалоосуз болгон секс.

Андыктан, каалоосу жок адамды төшөккө тартуудан алыс болуңуз.