Сокулукта айдоочуга тил тийгизген инспектор кызматынан кол жууду

23 июня 2021 Сокулукта айдоочуга тил тийгизген инспектор кызматынан кол жууду

Сокулук райондук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору айдоочуга тил тийгизгени үчүн иштен алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.

17-июнь күнү социалдык тармактарга тартип сакчысы айдоочу менен орой сүйлөшкөн видео тараган. ЖМКлар Lexus автоунаасынын айдоочусу менен милиционер эреже бузулганы боюнча талашып-тартышып кеткенин жазышкан.

ЖКККББ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында инспектор профессионалдык этика менен кызматтык дисциплинаны сактабагандыгы үчүн иштен алынды.

Мындан сырткары, райондук бөлүмдүн жетекчисине кол алдындагыларды көзөмөлдөбөгөнү үчүн сөгүш жарыяланган.


sputnik