Ак үйдүн айланасына темир тосмо кайра коюлабы? Расмий жооп

18 июня 2021 Ак үйдүн айланасына темир тосмо кайра коюлабы? Расмий жооп

Ак үйдүн айланасына кайрадан тосмо коюлуп курчалбайт. Болгону унаа токтотуучу жайы гана иретке келтирилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.  

Эске салсак, буга чейин соцтармактын айрым колдонуучулары бийлик Жогорку Кеңештин имаратынын айланасына кайрадан темир тосмо коерун жазып чыгышкан.   

"Ак үйдүн батыш тарабы да, чыгыш тарабы да ачык болот. Болгону автоунаа токтотуучу жайды иретке келтирип, шлагбаум коюлат. Шлагбаум кайсы тарабында болору азырынча караштырылып жатат. Ак үй кайрадан темир тосмо менен курчалбайт", — деди Куралбекова.  

Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айынын башында Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан Ак үй имаратын курчап турган темир тосмолор алынган. 

5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин тосмону алуу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Кийин Жогорку Кеңештин төрагасы да аны алып салууну сунуштаган.  

Негизи Ак үй темир тосмо менен Аскар Акаевдин убагында курчалган.

sputnik