Ошто той жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат

18 июня 2021 Ошто той жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат

Ош шаарында 1-июлдан тарта үлпөт той, маараке сыяктуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мындан улам муниципалитет ресторан ээлери менен администраторлорго массалык иш-чараларга буйрутма албай коё турууну эскертти.

Мэрия муну коронавирус жуктурган учурлардын саны өсүп жатканы менен байланыштырып, шаар "кызыл зонага" киргенин кошумчалады. Белгилей кетсек, өлкө боюнча оору көп катталгандардын саны боюнча Ош шаары 2-3-орундан түшпөй келет. Өткөн суткада аталган шаарда 73 адамдан коронавирус аныкталган.


sputnik