Ат-Башы: келинин муунтуп өлтүргөн кайнага андан соң жанын кыйган

18 июня 2021 Ат-Башы: келинин муунтуп өлтүргөн кайнага андан соң жанын кыйган

Нарындын Ат-Башы районунда 50 жаштагы киши 38 жаштагы келинин муунтуп өлтүрүп, андан кийин асынып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга билдирүү 16-июнь күнү саат 06:30дар чамасында түшкөн. Анда жергиликтүү тургун Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы Дамбы участкасындагы токойдун жээгинде Женя аттуу адам асынып калганын кабарлаган.

"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 51 жаштагы Е. К. аттуу эркек кишинин сөөгүн тапкан. Кароо жүргүзгөн учурда маркумдун мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларынын ички бети курч нерсе менен кесилгени аныкталган", — деп билдирди облустук милиция.

Ал жакка маркумдун 49 жаштагы бир тууган иниси А.К. чакыртылган. Ал 15-июнь күнү түштөн бери 38 жаштагы аялы К.Н. дайынсыз жок болуп жаткандыгын айтып, арыз берген.

"Окуя болгон жерден 500 метр аралыктан аял кишинин сөөгү табылып, өлгөн кишинин инисинин аялы экени такталган. Кароо учурунда денесинен күч колдонулган белгилер аныкталган. Алдын ала болжолдуу иликтөөлөргө ылайык, келинди кайнагасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суракка алынган. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

sputnik