Бир апта акысыз ташыйт. Бишкекте жаңы автобустар каттай баштады. Сүрөт

22 июня 2021 Бир апта акысыз ташыйт. Бишкекте жаңы автобустар каттай баштады. Сүрөт

Бүгүн, 22-июнь күнү, Бишкекте жаңы 50 автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Өзбекстанда өндүрүлгөн ISUZU үлгүсүндөгү автобустардын узундугу 6,9 метрге жетет. Эки эшиктүү автобуска 38 киши батат, анын ичинде 16сы орундукка отуруп барат.

Алар төмөнкү маршруттар менен каттайт:

  • №10 жана №11 муршруттар — Ак-Ордо (айлампа);
  • №12 маршрут, Маевка айылы — Көк-Жар айылы (айлампа);
  • №13 маршрут, Муромская көчөсү — Кырман жаңы конушу;
  • №14 маршрут, №12 кичи район — Ак-Ордо жаңы кошуну.

Автобустарды алып келип иштетип жаткан "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компаниянын маалыматына караганда, жаңы транспорт бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташыйт.

"Бул автобустар дизель майы менен жүргөндүктөн кыска убакыт ичинде алып келинди. Газ менен жүргөн автобустар шаарга 1-июлга чейин жеткирилет. Бардыгы 350 автобус алып келүү пландалып жатат", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, муниципалитет Япониянын Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүргөн 350 автобусун алып келип иштетүү үчүн "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компания менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон.

 


sputnik