Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров "мыйзамга ылайык, бала асырап алган учурда камкорчу 70 күндүк эмгек өргүүсүнө чыкса болорун" айтты.
23 января 2020Эске салсак, буга чейин АКШнын бийлиги жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө коюу жагын карап жатканы айтылган.
23 января 2020Милиция Панфилов районунда шектүү унаалардын бардыгын токтотуп, текшерип жатат. Укук коргоочулар Эркин-Сай айылынын аймагын дагы көзөмөлгө алышты.
23 января 2020Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сындап президентке кайрылды. Ал өкмөт мүчөлөрү жок жерден элдин кыжырына тийип жатканын белгилейт.
23 января 2020Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарын жаңылып окуп алды.
23 января 2020АКШнын бийлиги Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө коюу жагын карап жаткандыгын Wall Street Journal гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
22 января 2020Немец окумуштуулары онкология илдетине алып келиши мүмкүн делген адаттарды атады. "Булар сиз үчүн да күтүүсүз болушу ыктымал" деп жазат Известия басылмасы.
22 января 2020Бишкекте 16 жаштагы кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоого шектелген үч аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
22 января 2020Бишкектеги №3 балдар ооруканасына кайрылган аялдардын бири дарыгерди жулкулдатып, урушуп жаткан видео тарады.
22 января 2020Маданият министрлиги Кыргызстандагы телерадиону пландык лицензиялык текшерүүдөн өткөрдү. Министрлик пландык жана пландык эмес текшерүү учурунда кандай мыйзам бузуулар катталгандыгын айтты.
21 января 2020Ош шаарында эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен эне 22 күндөн кийин табылып, милицияга сурак берди. Анын айтымында, күйөөсү жана иниси үчөө көчөдө мас болуп уктап калышкан. Ошол себептен кызын жоготуп алган.
21 января 2020Өзбекстандын жарандары Томск облусундагы жеке турак үйдөн чыккан өрттөн каза тапкандыгын РИА Новости кабарлады.
21 января 2020Кумдуу бороон өрттүн кесепетин тартып жаткан Жаңы Түштүк Уэльс штатын чулгады. Күбөлөр куюн калктуу конушту каптап, турак жайларды жана жолду жаап калганын видеого тартып алышкан. Жаракат алгандар боюнча маалымат жок. ЖМКлардын билдиришинче, мектептин имараты талкаланган.
21 января 2020Тайвань сулуусу жана ырчы Чен Мэйфен 63 жаштагы ажары менен келбетин ушул күнгө чейин кантип сактап келгенин айтып берди. Бул тууралуу Daily Mail жазды.
21 января 20202020-жылдын 4-февралынан тарта Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандары декларация толтурбастан сыртка 100 миң долларга чейин чыгарып кете алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
21 января 2020ЕАЭБдин аймагына киргенде же чыкканда жарандын жанында 100 миң доллардан ашык акча болсо, анын кайдан келгендигин маалымдаш керек. Бул туурасында Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
21 января 2020Ош шаарында эки жашар бөбөктүн энеси бүгүн, 20-январда, табылды. Бул тууралуу аталган калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
21 января 2020Түштүк Кореянын бийлиги коронавирустун жаңы тибинен өпкө оорусуна чалдыккан биринчи учур катталганын жар салды.
21 января 2020Саламатсыздарбы? Башыман өткөн окуяны баштан-аяк баяндап берейин. Өзүм беш бир тууганмын, агам жана үч сиңдим бар. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырган жокмун. Бишкекке келип тиккенди үйрөнүп, тигүү цехинде иштеп калдым.
19 января 2020Иманалиева учурда үй-бүлөлүк баалуулуктарга маани бербеген адамдар көп экенине өкүнүп, көпчүлүк расмий никесиз эле жашап көрүүнү туура деп эсептерин айтып берди.
19 января 2020Айбек Шаршенбаевдин саман үйдө жашап келе жатканына алты жылдын жүзү болду. Курулуштун бул ыкмасын ал Улуу Британияда курулушчу болуп иштеп жүргөнүндө үйрөнгөн.
19 января 2020Айрым аялдар төшөк кумарынан кийин башы айланып, денесине кызыл бүдүрлөр чыгып, дем алуусу кыйындайт. Атургай айрымдар өзүн жоготуп, ооруканага түшүшү мүмкүн.
19 января 2020Рустам Абдурауфов Кыргызстандагы мыйзамдарда кутулуп кетүүгө жылчык көп экенин айтат. Мисалы, киши өлүмүнө себепкер мас абалындагы айдоочулар кырсык болгон жерден жөн качпайт экен. "Кийин аларга жеңил болот" деп түшүндүрдү жактоочу.
19 января 2020Өмүрүн кино тармагына арнаган 61 жаштагы Султанбек Дикамбаев азыр чет элдик киночулар менен тыгыз иштешип келет. Ал 18 жашынан бери 50дөн ашык тасмага тартылып, дүйнөнү түрө кыдырып өзү сүйгөн иши менен алек.
19 января 2020Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт Макгрегор менен Нурмагомедов чемпиондук кур үчүн кайрадан беттеш өткөрө турганын жар салган.
19 января 2020Казакстан тарап транзиттик жолдун аймагын убактылуу курчап койду. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
17 января 2020Кыргыз-казак чек арасындагы аймактардын биринен бүгүн, 17-январда, видео тартып алынган. Андан аскер формасын кийген кишилерди көрүүгө болот.
17 января 2020Жыландын катуу кысканынан улам аял эсин жогото баштаган. Бир аздан кийин кичүү баласы чуркап кирип, жаныбарды балка менен бир нече ирет уруп, энесин сыртка алып чыкканга жетишкен.
17 января 2020Ата-энелер ашпозчу буфеттен азык-түлүктү уурдап сатып жатат деп шектенип арызданышкан. Алардын айтымында, ата-энелер фондунун жетекчиси үч жылдан бери иши боюнча отчет бербей, бир жылга чукул убакыттан бери Россияда дарыланып жүрөт.
17 января 2020Судьянын кызматтан алынышына баңгизат менен кармалган шектүүнү жазадан бошотууга аракет кылганы себеп болгон.
17 января 2020Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн Matteo Pellicone эл аралык турниринен алтын медаль уткандан кийин Бириккен күрөш уюмуна интервью берди. Спортчунун маеги уюмдун You Tube каналына жайгаштырылды.
17 января 2020Жол инспекторлору жасалма номерлерди, унаанын уурдалганын же издөөдө экенин билүү үчүн планшет колдоно баштады. Анын жардамы менен айып пул төлөбөй жүргөндөр дароо аныкталат.
17 января 2020Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу төрт күн мурда эле Түркияда өткөн эл аралык мелдешке катышып, ал жактан дагы мыкты болгон болчу.
17 января 2020Россиянын президенти Владимир Путин мурдагы өкмөт башчы Дмитрий Медведевди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кылып дайындады. Тиешелүү жарлык Кремлдин сайтында жарыяланган.
16 января 2020