Өкмөт кутуруп кетти! Момбековдун ызаланып, президентке кайрылган видеосу

23 января 2020 Өкмөт кутуруп кетти! Момбековдун ызаланып, президентке кайрылган видеосу

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сындап президентке кайрылды. Ал өкмөт мүчөлөрү жок жерден элдин кыжырына тийип жатканын белгилейт.

Парламентарийдин ызалануусуна вице-премьерлердин калпыс сөздөрү себеп болгон.

"Бир вице-премьер элеттеги элдин жашоосун эшектердин азайганы менен баалады. Дагы бири чек арадан чыдабай чыгып кеткен адамдарды чыккынчы деди. Өкмөттүн өкүлү мугалимдерди "галстугуңар жок" деп зекип жатат. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо, анда бюджеттен карап галстук сатып берели. Бул эмне деген дөөпөрөстүк? Элдин кыжырына өзүлөрү тийип жатат, башка эрмеги жокпу?" — деп суроо салды Момбеков.

Мындан сырткары, ал соңку учурда башка мамлекеттердин өкмөтү отставкага кетип жатканын мисал келтирип, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

"Россиянын премьери отставкага кетти, Зеленский өз өкмөтүн көчүккө тепти, Шавкат Мирзиёев да кетирди. Ал эми биздин өкмөт кутуруп кетти. Жеңиш Разаковду тыңчы дегени үчүн бир генералга кылмыш иши козголду. Ошол чындыкты жазган "Чындык" деген сайттын башчысы камакка алынды. Разаков элди чыккынчы деп жатат. "Эл чыккынчы" деген соттун чечими барбы? Элге эмне тийишет, элден айланып кетпейби. Урматтуу Сооронбай Шарипович, эртең Коопсуздук кеңешинде бул өкмөттүн тизгинин тартып коюңуз", — деди депутат.

Момбеков, мындан сырткары, Салык кызматынын да ишин сынга алып, каражат тийиштүү көлөмдө чогулбаганын белгиледи.

sputnik.kg