Кытайда тараган жаңы вирус Азияга да жайылышы мүмкүн

21 января 2020 Кытайда тараган жаңы вирус Азияга да жайылышы мүмкүн

Түштүк Кореянын бийлиги коронавирустун жаңы тибинен өпкө оорусуна чалдыккан биринчи учур катталганын жар салды.

Жергиликтүү "Ренхап" басылмасынын маалыматына караганда, жүрөк үшүн алган илдет Кытай менен Азия аймагында жайылышы ыктымал.

Түштүк Кореянын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору Инчхон эл аралык аэропортуна келген жүргүнчүлөрдүн бири коронавирустун жаңы тибине чалдыкканын аныктаган.

Маалыматка караганда, аялдын буга чейин Кытайдагы Ухань шаарынын Хубэй провинциясына барып келгени аныкталган. Учурда ал жергиликтүү ооруканалардын биринде дарыланып жатат.

Мындан сырткары, өпкө оорусуна чалдыккан фактылар Япония менен Таиландда дагы катталды.

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирус экендигин боолголошкон. 19-январга карата ооругандардын саны 62ге жетти, алардын үчөө көз жумган.

Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгондугу байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

sputnik