Кара-Балтага жакын жерден эки кыз уурдалдыбы? Милициянын жообу

23 января 2020 Кара-Балтага жакын жерден эки кыз уурдалдыбы? Милициянын жообу

Милиция Панфилов районунда шектүү унаалардын бардыгын токтотуп, текшерип жатат. Укук коргоочулар Эркин-Сай айылынын аймагын дагы көзөмөлгө алышты.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында эки кыздын уурдалганы боюнча мессенджерлерге тарап жаткан маалыматка комментарий берди.

Кечээ, 22-январда, Кыргызстандын интернет айдыңында Кара-Балтадан алыс эмес жерден эки кичинекей кыз уурдалганы боюнча аудио жазылма тарай баштады.

Ал эми саат 14:15те Эркин-Сайда белгисиз адамдар эки баланы уурдоого аракет жасаганы боюнча милицияга кабар түшкөн.

Жерине Панфилов райондук ИИБдин жетекчилиги менен кызматкерлери барган. Кичинекей кыздардан көрсөтмө алынган, бирок алардын сөзүндө "дал келбөөчүлүктөр" болуп жатканы айтылды. Жергиликтүү тургундар болсо айылдан белгисиз адамдар менен унааларды байкашкан эмес.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, милиционерлер аймакты тыкыр текшерип, шектүү унаалардын бардыгын токтотуп жатат.

ИИББ "шектүүлөр кармалды" деп интернетке тарап жаткан маалыматты четке кагып, элди жалган маалымат таратпоого чакырды. Белгилей кетсек, жалган кабар тараткан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мыйзамды билбегендик жаранды жоопкерчиликтен бошотпойт.

sputnik.kg