ЕАЭБде акчаны өлкөгө алып кирүү жана өлкөдөн алып чыгуу эрежелери өзгөрдү. Жаңы тартип

21 января 2020 ЕАЭБде акчаны өлкөгө алып кирүү жана өлкөдөн алып чыгуу эрежелери өзгөрдү. Жаңы тартип

ЕАЭБдин аймагына киргенде же чыкканда жарандын жанында 100 миң доллардан ашык акча болсо, анын кайдан келгендигин маалымдаш керек. Бул туурасында Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Жаңы эреже Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын 2019-жылдын 6-августтагы чечими менен кабыл алынган. Документ 2020-жылдын 4-февралынан тарта күчүнө кирет.

"Бажы декларациясы акча же акчанын бар экендигинен кабар берген башка документтерди (чек, баалуу кагаз, вексель) тастыктаган кагаздар менен коштолот. Бул эреже ЕАЭБдин бажылык аймагынан өтүп жатканда кишинин жанындагы каражат 100 миң доллардан ашкандарга тийиштүү. Кеп декларацияны толтурган күндөгү валютанын курсу туурасында жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бажы кызматы өлкөгө кирип же чыгып жатканда жүргүнчүнүн жанындагы каражат 10 миң доллардан ашса, мурдагыдай эле декларация толтуруу зарылдыгын эскертти. Буга чейин акчаны алып чыгып бара жатканда кандай сумма болбосун анын кайдан келгендигин көрсөтүүнүн кажети жок болчу.

sputnik