Төшөк кумары кандай адамдар үчүн кооптуу? Иликтөө

19 января 2020 Төшөк кумары кандай адамдар үчүн кооптуу? Иликтөө

Айрым аялдар төшөк кумарынан кийин башы айланып, денесине кызыл бүдүрлөр чыгып, дем алуусу кыйындайт. Атургай айрымдар өзүн жоготуп, ооруканага түшүшү мүмкүн.

АКШлык окумуштуулардын иликтөөсүнө караганда, бул өлкөдө түгөйүнүн бел суусуна аллергия болгон 40 миңдей аял жашайт. Бул жөнүндө РИА Новости жарыялады.

Маалыматка караганда, төшөк кумарынан кийин мындай аялдардын башы айланып, денесине кызыл бүдүрлөр чыгып, дем алуусу кыйындайт. Атургай айрымдар өзүн жоготуп, ооруканага түшүшү мүмкүн.

Адистердин айтымында, организм бел суунун өзүнө эмес, анын курамына ушундай реакция берет.

"Былтыркы жылдын март айында 32 жаштагы келин күйөөсү менен "көңүл ачкандан" кийин кан басымы көтөрүлүп, дем ала албай ооруканага түшкөн. Дарыгерлер өзүнөн эч нерсе таппаган соң, жолдошунун бел суусун текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында күйөөсү ошол учурда антибиотик менен дарыланып жатканы, аялынын абалын дал ошол урукка аралашкан антибиотик начарлатканы аныкталган", — деп жазылат макалада.

Көп өтпөй 40 жаштагы аял ооруканага кайрылган. Анын кыйналышына күйөөсүнүн тери жана бел суусу себеп болгон. Көрсө аялда жашыл түстөгү жер-жемиштерге аллергия башталып, бир нече ай мурда алардан баш тарткан экен. Бирок жолдошу жашыл жемиштерди мурдагыдай эле жеп жүргөн.

Көптөгөн анализдерден кийин аялдын күйөөсү жеген азыктар тер жана бел суусу аркылуу терс таасир этип жатканы билинди.

Окумуштуулардын айтымында, дүйнө жүзү боюнча мындай мисалдар көп кездешет. Көпчүлүк учурда аялдар төшөк маселесинде "төп" келише албаган түгөйлөрү менен ажырашууга аргасыз болот.

sputnik.kg