Эске салсак, буга чейин АКШнын бийлиги жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө коюу жагын карап жатканы айтылган.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 22-январь күнү Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, виза маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге маалымат жыйыны учурунда билдирди.
"Кыргызстандыктар арасында АКШга каттагандар бар экенин эске алуу менен министрликке Дональд Лу мырзаны чакырганбыз. Американын визага бөгөт коюу саясаты биздин жарандар арасында негатив жаратышы мүмкүн деген пикирибизди айттык. Бирок элчи буга чейин айтылган маалыматты тастыктаган жок. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Айдарбеков.
Мындан тышкары, министр буга чейин 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка кол коюлганын кошумчалады. Айдарбековдун аймымында, Кыргызстанда биометрикалык паспорттордун толук кандуу колдонулбай жатканына соттук териштирүүлөр себеп болууда.
Эске салсак, буга чейин АКШнын бийлиги жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө коюу жагын карап жатканы айтылган. Wall Street Journal гезитинин маалыматына караганда, тизмеге Кыргызстандан башка Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан, Танзания жана Эритрея өңдүү өлкөлөр да киргизилген.