"Франкфурт жана Майне". Эми вице-спикер Мирлан Бакиров жаңылып калды. Видео

23 января 2020 "Франкфурт жана Майне". Эми вице-спикер Мирлан Бакиров жаңылып калды. Видео

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарын жаңылып окуп алды.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2017-жылдын 18-сентябрында Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды.

Вице-спикер Мирлан Бакиров аталган мыйзам долбоорун окуп жатып, Франкфурт-на-Майне шаарын "Франкфурт жана Майне" деп жаңылып окуп алды. Видеодон анын кесиптештери күлүп жатканын көрүүгө болот. 

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков дагы аталган шаардын атын эки ирет туура эмес окуп, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.

sputnik.kg