Кыргызстанда нике агенттигине кайрылган жигиттер кандай кыз издейт

19 января 2020 Кыргызстанда нике агенттигине кайрылган жигиттер кандай кыз издейт

Иманалиева учурда үй-бүлөлүк баалуулуктарга маани бербеген адамдар көп экенине өкүнүп, көпчүлүк расмий никесиз эле жашап көрүүнү туура деп эсептерин айтып берди.

Бишкектеги нике агенттиктеринин биринин директору Роза Иманалиева кардарлары жана алар өмүрлүк жар катары издеген кыздар тууралуу баяндады.

Анын айтымына караганда, кардарларды бири-бири менен тааныштыруудан мурда алар менен психологдор иштейт.

"Азыр биз элдин баары иштен колу бошобогон, жеке жашоосуна убакыт таба албаган жашоону баштан кечирип жатабыз. Адам үй-бүлөлүк бакытты каалап, бирок түгөй болчу кишини кайдан издерин билбей калганда бизге кайрылат. Биз кардарыбыз кандай адамды каалап жатканын билүү үчүн психолог менен маектештиребиз", — деди Иманалиева.

Анын айтымында, кардарлардын каалоосу көпчүлүк учурда оголе "асмандап" кетет.

"Кыздардын баары миллионер күйөөгө тийгиси келсе, эркектер ата-энесинен укмуш сеп алчу, ошол эле учурда өтө жөнөкөй кыздарды издейт. Биз демөөрчү эмес, чындап жан дүйнөгө жакын болуп, үй-бүлө кура турган адамды издейбиз. Психолог менен сүйлөшкөндөн кийин кадимкидей ою өзгөрүп, турмушка реалдуу карай баштаган кишилер көп. Бирок айрымдары ошол бойдон эле "асмандан" түшкүсү келбейт", — деди директор.

Иманалиева учурда үй-бүлөлүк баалуулуктарга маани бербеген адамдар көп экенине өкүнүп, көпчүлүк расмий никесиз эле жашап көрүүнү туура деп эсептерин кошумчалады.

sputnik.kg