Мурдагы жигитимди эстебейм деген. Күйөөсүнүн кордугунан чарчаган келиндин каты

19 января 2020 Мурдагы жигитимди эстебейм деген. Күйөөсүнүн кордугунан чарчаган келиндин каты

Саламатсыздарбы? Башыман өткөн окуяны баштан-аяк баяндап берейин. Өзүм беш бир тууганмын, агам жана үч сиңдим бар. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырган жокмун. Бишкекке келип тиккенди үйрөнүп, тигүү цехинде иштеп калдым. Тапкан акчамды айылга ата-энеме салып, сиңдилериме жардам берчүмүн. Ошентип жүрүп бир бала менен таанышып, сүйлөшүп калдык. Мамилебиз жакшы болуп, экөөбүз жашап алганбыз. Анда мен 21де элем. "Үйлөнөбүз" деген экөөбүздүн изги тилегибиз бар эле. Анан күзүндө ал бала "жазында келем" деп Москвага иштегени кетти. Көп өтпөй Жаңы жылдын алдында мени азыркы күйөөм ала качып алды.

Ал балага баарын түшүндүрүп айтсам да "сени бир көрүп эле сүйүп калгам, баарына макулмун" деп, бал тилге салып кетирбей койду. Артыман куугунчу болуп байкем менен жеңем келип, "апам сени отурсун деди" деп ой-боюма койбой отургузуп кетишти. Москвадагы жигитиме "экинчи чалба" деп айтышыптыр, бирок "баары бир кетем" деп өзүмө сөз бергем. Көңүлүм жок жашап жүрүп боюма бүтүп калды. Жолдошум болсо ичкиликке жакын экен. Бир ичкенде айлап ичет. Айла жок, бала үчүн деп жашап жүрдүм. Канча жолу төркүнүмө кетип кайра келдим. "Чыда" деп жатышып эки кыздуу болдук. Андан бери 10 жыл өттү. Күйөөм ичип келген сайын "сен кыз болуп келген эмессиң, көчөдө калганда мен алгам" деп ар кайсы сөздү айтып асылат. Башында кол көтөрчү эмес, кийинчерээк кол да көтөрө баштады. Маанайы түшсө эле ичет. Анын ичкенин кайын журтум да менден көрөт. "Сен маанайын бузуп койдуң да, болбосо ичпейт эле" деп мага асылып жатып калышат.

Күйөөгө тийгенден баштап эле иштедим. Кыздарымды өзүмдүн апам чоңойтуп берди. Жашым азыр 30дан ашты. Баарынан тажап кеттим. Элчилеп конокко да барбайм. Жолдошумдун тааныш баласы бар, бойдок, үйлөнө элек. Күйөөмдүн мага жасаган мамилесин, кол көтөргөнүн көрүп "кантип чыдайсың?" дейт. Кол кабыш кылып, күйөөм ичип алганда сабап салбасын деп биздин үйдө жүрөт. "Кеч болуп кала элегинде кетип калчы" деп көп айтат. "Эки кызым менен эми кайда барам?" десем, "мага эле тийип ал, кор кылбай багып алам" дейт. Күйөөм болсо баягы адатынча карызга батып, айлап ичет. Эки-үч ай жакшынакай жүрөт, иштейт, анан кайра эле баягы көрүнүш. Кыздарым атасын жакшы көрүшөт, ага аябай жакын. Ошол үчүн эле чыдап жүрөм. Башка үй-бүлөлөрдү көрүп, "эмнеге биз ушундай жашабайбыз?" деп аябай суктанам. Кээде жашоомо нааразы болуп кетем. Апамдын жүрөгүн оорутуп, мунун баарын айткым келбейт. Ошол себептен психологго кат жазып көрөйүн деп чечтим.

Саадат Сыдыкова, психолог:

— Тилекке каршы, биздин өлкөдө дагы деле кызды аялдыкка күч колдонуп ала качып кеткен жагдайлар болуп жатат. Андайда кыз каалоосу жок болсо дагы, элге сөз болбоюн деп отуруп калат. Көпчүлүгүн жакындары, жада калса өз апасы дагы колдобойт.

Каарманыбыздын мисалын алсак, жөн гана ала качып албай, сүйүктүүсүнөн тартып алган экен. Анүстүнө кыз сүйгөн жигити менен "жакын" мамиледе болгонун билип туруп, күйөө болчу адам ал маселени козгобойм деп сөз бериптир. Бирок азыр ал сөзүнө турбай, тетиринче, ошол нерсени аялына каршы курал катары колдонуп жатканы өкүнүчтүү. Бул жерден келин дагы күйөөсүнө "таза" келбегендиги үчүн ушул убакка чейин өзүн күнөөлүү сезет тура. Ал эми күнөөнү мойнуна алган кишини башкаруу оңой.

Экинчиден, сүйүүсүз курулган үй-бүлө морт болот. Эгер эки адам тең аны сактап калууга аракет кылбаса, оңой эле бузулуп калат. Маанайы түшсө эле ичет деп жатат. Жөн гана маанайы түшкөн адам бир ичип, эртеси күнү соолугуп алып, андан ары ишин кылып кете берет. Ал эми жумалап, айлап ичүү — бул аракечтик. Бул оору, аны дарылаш керек. Балдар үчүн гана жашап жатам дептир, менин жеке пикиримде балдардан башка кармай турган нерсе жок болсо, өзүн кыйнап жашоонун зарылдыгы барбы? Албетте, муну өзү чечиши керек. Балага деле бактысыз, чүнчүгөн энеден көрө, өзүнө ишеними бекем, жан дүйнөсү тынч эне керек.

Ал эми күйөөсүнүн сөз айтып жүргөн досу тууралуу айтсак, ал кишинин каалоосу, сүйүүсү канчалык күчтүү экени белгисиз. Балким, ал дагы жөн гана колдонуп кетсечи? Келин күйөөсү менен ажырашкан күндө дагы аны менен болуудан мурда жакшылап байкап көрсүн. Анткени кыйналып турган адам бир учурда жакшы мамиле кылып койгон кишини дайыма эле ушундай болот деп ишенип алышы мүмкүн. Андыктан, алгач өзүн колго алып, өзүнө ишене башташы керек.

sputnik.kg