Өрт аз келгенсип. Австралияны кумдуу бороон каптап, сел жүрүүдө. Видео

21 января 2020 Өрт аз келгенсип. Австралияны кумдуу бороон каптап, сел жүрүүдө. Видео

Кумдуу бороон өрттүн кесепетин тартып жаткан Жаңы Түштүк Уэльс штатын чулгады. Күбөлөр куюн калктуу конушту каптап, турак жайларды жана жолду жаап калганын видеого тартып алышкан. Жаракат алгандар боюнча маалымат жок. ЖМКлардын билдиришинче, мектептин имараты талкаланган.

Ага улай эле Виктория штатында көлөмү тооктун жумурткасындай болгон чоң мөндүр жаап, бир нече имаратты зыянга учуратты.

Эске салсак, Жаңы Түштүк Уэльс штатында 2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрттөн 8,5 миллион гектар жер күйүп, миңдеген турак жай өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 26 адам каза болуп, миллиарддан ашык жан-жаныбар өлгөн.

sputnik