Хабиб Нурмагомедов Конор менен кайра беттешүү үчүн шарт койду

19 января 2020 Хабиб Нурмагомедов Конор менен кайра беттешүү үчүн шарт койду

Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт Макгрегор менен Нурмагомедов чемпиондук кур үчүн кайрадан беттеш өткөрө турганын жар салган.

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен 100 миллион долларга реванш өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Rsport жазып чыкты.

Россиялык мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедовдун айтымында, алар да реванш өткөрүүгө кызыкдар.

"Биз да Конор менен реванш өткөрүүгө кызыкдарбыз. Фергюсон менен беттешкенден кийин 100 миллион доллар алып келгиле. Билбейм, Дана Уайт ушундай гонорарга мелдеш уюштурууну каалайт болду бекен?" — деди Абдулманап Нурмагомедов.

Бүгүн, 19-декабрда, Лас-Вегаста Макгрегор америкалык Дональд Серронени нокаут менен утуп алды. Ал эми Хабиб Нурмагомедовдун кийинки беттеши 19-апрелде Нью-Йоркто өтөт. Ал ортодо UFC уюмунун президенти Дана Уайт Макгрегор менен Нурмагомедов чемпиондук кур үчүн кайрадан беттеш өткөрө турганын жар салды.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Нурмагомедов Макгрегорду утуп, жеңил салмактагы чемпион аталган.

sputnik.kg