Дунларов көпүрөсүндөгү май куюучу жай курчалып, аскерлер жүрөт. Видео

17 января 2020 Дунларов көпүрөсүндөгү май куюучу жай курчалып, аскерлер жүрөт. Видео

Кыргыз-казак чек арасындагы аймактардын биринен бүгүн, 17-январда, видео тартып алынган. Андан аскер формасын кийген кишилерди көрүүгө болот.

Айланма жолдогу транзиттик зонада жайгашкан май куюучу жай (Дунларов көпүрөсү) курчоого алынды. Казак тарапта аскер формасын кийген адамдар турат. Бул тууралуу маалымат менен видео Telegram каналынын "Короче" тайпасына жарыяланды.

https://t.me/korochekgz/1817

Чек ара кызматы казак тараптын мындай кадамына бир аздан кийин комментарий берүүнү убадалады.

sputnik.kg