Ош: бир ай мурда көчөдөн табылган эки жашар бөбөктүн энеси кармалды. Сүрөт

21 января 2020 Ош: бир ай мурда көчөдөн табылган эки жашар бөбөктүн энеси кармалды. Сүрөт

Ош шаарында эки жашар бөбөктүн энеси бүгүн, 20-январда, табылды. Бул тууралуу аталган калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Алдын ала маалымат боюнча, аял филармониянын жанында мас болуп жүргөн. Учурда кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", — дешти милициядан.

Эске салсак, 2019-жылдын 29-декабрында түнкү саат 01:30дар чамасында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан эки жаштагы бөбөк табылган. Аны Тез жардам кызматынын өкүлдөрү көрүп калып, милицияга кабар берген.

Кийинчерээк наристенин энеси ким экени аныкталган. Ал Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 28 жаштагы тургуну болуп чыгып, издөө жарыяланган.

Бөбөк азырынча балдар үйүндө, анын атасы жок экени айтылган.

sputnik