Бишкекте дарыгерди кагып-силкип жаткан дагы бир аялдын видеосу тарады

22 января 2020 Бишкекте дарыгерди кагып-силкип жаткан дагы бир аялдын видеосу тарады

Бишкектеги №3 балдар ооруканасына кайрылган аялдардын бири дарыгерди жулкулдатып, урушуп жаткан видео тарады.

Видео

Аталган видео “Короче” Telegram каналына жүктөлгөн. Кадрдан болжол менен 30 жаштагы аял сөгүнүп-сагынып барып ордунда отурган дарыгерди бир булкуп жибергенин көрүүгө болот. Ал “Түшүндүрүп айтсаң болбойбу?!” деп кыйкырган. Андан соң аны дарыгерлер жайгарып, бир киши сыртка чыгарып кетти.

№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова окуя бүгүн, 21-январда, болгонун тастыктап, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

sputnik