16 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлады деп үч аял кармалды. Сүрөттөрү

22 января 2020 16 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлады деп үч аял кармалды. Сүрөттөрү

Бишкекте 16 жаштагы кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоого шектелген үч аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. 

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Каракол шаарынан уурдалган кыз Бишкекте сойкулук менен алектенүүгө мажбур болгонун жазышкан.

Өткөн жылдын 21-ноябрь күнү милицияга К.А. аттуу аял кайрылып, анын тууганынын кызын бейтааныш адамдар күч колдонуп алып кетип, денесин сатып иштөөгө мажбурлап жатканы тууралуу арыз жазган. Кыздын туугандарынын сөзүнө караганда, жабырлануучу акыл кемтиги илдети менен жабыркайт. 

23-декабрда аял укук коргоо органдарына дагы бир ирет кайрылган. Бул жолкусунда ал 12-ноябрь күнү кызды белгисиз эки киши Караколдон уурдап Бишкекке алып кетишкенин жазган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 166 ("Сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоо") жана 170-беренелерине ("Адам уурдоо") ылайык катталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Издөө иштеринин жыйынтыгында 23, 24 жана 33 жаштагы үч аял шектүү катары кармалды. Үчөө тең убактылуу кармоо жайына киргизилди.

sputnik