Мындан кийин Instagram тиркемесинин Live Rooms жаңы кызматы аркылуу түз эфирге үчтөн киши чыгып сүйлөшө алат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
2 марта 2021Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
2 марта 2021Ден соолукта болом дегендер күн сайын эки порция жемиш жана үч порция жашылча жеши керек. Бул тууралуу РИА Новости америкалык диетологдорго таянуу менен жазды.
2 марта 2021Нур-Султан шаарында Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.
2 марта 2021Ассоциация 2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышты. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.
2 марта 2021Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде жакында Кытай жана Түркия мамлекеттерине иш сапар менен бара турганын билдирди.
2 марта 2021Бала кезде СССРдин башчысы Леонид Брежневдей болууну кыялдангам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
2 марта 2021"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.
2 марта 2021Сарык оорусу (вирустук гепатиттин түрлөрү) жалпысынан 55,4 пайызга төмөндөгөн. 2019-жылы 10 579 кишиде оору аныкталса, 2019-жылы 4 805 учур катталган. Вирустук гепатиттин 96,8 пайызын А түрү түзөт.
1 марта 2021Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине коңшу өлкөгө боло турчу сапары, чет өлкөлөр менен болгон мамиле жана Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
1 марта 2021"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
1 марта 2021Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басарын жамаатка тааныштырууга жетишти.
1 марта 2021УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге мыйзамсыз байыды деп иш козгоду. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.
1 марта 2021Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы эл өкүлүнүн байлыгын жарыялады.
1 марта 2021Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчков Эл аралык космостук станциядан тартып алган Ысык-Көлдүн уникалдуу сүрөтүн Twitter-аккаунтуна жарыялады.
1 марта 2021Кыргызстан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 марта 2021Атайын кызмат шайлоо процесстери ачык жана коопсуз өтүшүн камсыздоого, бийлик тарабынан административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.
1 марта 2021Президент Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
1 марта 2021Премьер-министр Улукбек Марипов опера жана балет театрынын аталышын өзгөртүү боюнча токтомго кол койду. Бул туурасында документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.
1 марта 2021Ош шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
1 марта 2021Ош менен Баткенде абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 6…8 жылуу, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болушу күтүлөт. Жалал-Абадда 7...9 градус жылуу болору божомолдонду.
1 марта 2021Адистин айтымында, зыян делген эртең мененки тамакка тез даярдалган ботколор жана майдаланган акшактар (хлопья) кирет. "Боткодо углевод көп болгондуктан канда канттын деңгээли жогорулайт. Аны жегенден кийин курсак тез эле ача берет. Ачка болгондо адамдын уйкусу да келет", — деген адис.
1 марта 2021Жөтөлдүн кайсы түрүндө дароо дарыгерге баруу керек экенин РИА Новости агенттигине врач-терапевт, пульмонолог Владимир Бекетов айтып берди.
1 марта 2021Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
1 марта 2021Мекендешибиз Жанат Бектуров бир нече жылдан бери Германиянын Минден шаарындагы университеттик клиникада операция жасап, аны менен кошо илимий иштерин жүргүзүп келет.
1 марта 2021"Канттын ордуна колдоно турчу зыяны жок, натыйжалуу үч нерсени айткым келет. Алар эритрит, стевия жана сукралоза. Үчүнчү азык коопсуз экени далилденгенден кийин кош бойлууларга, эмчектеги балдарга да колдонууга уруксат берилген. Сукралозанын дээрлик калориясы жок, ал канттын ордун жасалма алмаштыра турчу азык катары таанылган", — деген Павлова.
1 марта 2021Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.
28 февраля 2021Депутаттыкка чейин СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.
28 февраля 2021Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
28 февраля 2021Кыргыз эли таланттардан уучу кур эмес. Акыркы кезде интернет айдыңында миллиондон ашык көрөрман топтогон Алтынай Асанбекованын ырлары көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууда.
28 февраля 2021"Садыр Нургожоевич Владимир Владимировичке берген белегин да, андан алган кылычты да өтө деле жарнамалагысы келген жок. Анын үстүнө мамлекет башчы алган белегин Тарых музейине тапшырууну табыштады", — деди Байтерек.
28 февраля 2021Келин менен кайнене бүтпөгөн тема. Ар биринин өз орду бар, бирок аша чаап кеткен учурда кимиси болсо да жарылышы ыктымал. Келиндер кайсы учурда кандай кылык-жоруктары менен кайнененин кыжырын кайнатат деп ойлойсуздар?
28 февраля 2021Австралияда улгайып калган аял колунан сумкасын жула качкан ууруну кубалап жетип, оокатын кайра тартып алган. Шектүү менен аялдын сумка талашкан жери видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.
28 февраля 2021Жапаров өлкөнүн экономикалык абалы оор экендигине карабай театр-оюн зоок мекемелерин оңдоп-түзөө иштери улантыларына ишендирди.
28 февраля 2021